• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда оңдоо жана курулуш иштери башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 09.03.24./Кабар/. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда оңдоо жана курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аянты 11 268 чарчы метр болгон 3 кабаттуу имаратынын курулушу 1995-жылдан бери, 30 жылдай убакыт бүтпөй келет.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүнчү даражадагы саламаттыкты сактоо уюму экенин белгиледи.

«Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарылануу үчүн республиканын булуң-бурчунан жүздөгөн балдар кайрылышат жана жаңы курулуштун аркасында көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын мындан ары да жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деп баса белгиледи министр. Пайдаланууга берилгенден кийин имаратта гемодиализ борбору иштеп, эндокринология, нефрология бөлүмдөрү жана башка структуралар кеңейтилет.

Белгилей кетсек, “Ас Сафа” фонду курулуш иштерин толугу менен каржылап, имаратты медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздайт. Эскерте кетсек, бул маселе 9-февралда КРнын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Кувейттин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана башкармалыгынын төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шаянын жолугушуусунда чечилген.

Пикир

Оставить комментарий