• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Перинаталдык борбордун балдарды реанимациялоо бөлүмү оңдоодон өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы Перинаталдык борборго барып, акушердик кызматтын иши менен таанышты.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Баатырова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Кристин Жельм менен биргеликте жаңы төрөлгөн балдарды реанимациялоо бөлүмүнүн капиталдык оңдоодон кийин ачылыш аземин өткөрдү.

Министр ошондой эле операциялык бөлмөлөрдү, лабораторияны, 2-баскычтагы жаш балдарды кароо бөлүмүн карап, борборго төрөт менен келген аялдар жана туугандары менен баарлашты.

Борбордун башкы дарыгери Жамила Марипова белгилегендей, алар быйыл жаңы төрөлгөн балдарды жандандыруу бөлүмүн жалпы 6 млн сомдон ашык акчага капиталдык оңдоодон өткөрүшкөн. Консолдор - 16 даана, CPAP аппараттары - 2 даана, борборлоштурулган кислород менен камсыздоо үчүн, компрессорлор - 2 даана, Бишкек шаарындагы медициналык мекемелердин ортосунда аралыктан онлайн консультация берүү системасы орнотулду.

Мындан сырткары, 2-баскычтагы жаш балдарды кароо бөлүмүндө косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Кошумча электр панелдери орнотулуп, жылуулук чынжырын кармап туруу үчүн эне менен ара төрөлгөн ымыркайдын чогуу жатышы үчүн палаталарга дубал конвекторлору орнотулуп, суюк кычкылтек менен борборлоштурулган жабдуу орнотулду.

"Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын негизги артыкчылыктарынын бири эненин жана баланын ден соолугун коргоо болуп саналат. Өлкөнүн эң негизги алгылыктуу жетишкендиктеринин бири – төрөттүн өсүшү, ошондуктан биздин негизги милдетибиз – төрөттөгү аялдардын жана наристелердин дени сак келечегин камсыз кылуу. Бул үчүн биз энелерге жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган программаларды ишке ашырууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди саламаттык сактоо министри.

Пикир

Оставить комментарий