• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар дагы 174 жаран акысыз гемодиализ ала баштайт

Ден соолук 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар дагы 174 жаран акысыз гемодиализ ала баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, ал үчүн 75 млн сом бөлүндү.

“Аталган бейтаптар ушул жылдын январь айынан бери кезекте турган. Дээрлик жарым жыл алар өз каражатына диализ алып келишкен. 13-июнь күнү Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия тарабынан бюджеттик диализ алуучу бейтаптар тандап алынды. 15-июндан тарта алар диализди мамлекеттин эсебинен алышат”, - деди Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева.

Бүгүнкү күнү 1 миң 691 киши бюджеттин эсебинен гемодиализ алат. Анын ичинен 1 миң 408 бейтаптын гемодиализ процедурасы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу каржыланса, 283 киши гемодиализди “Фрезениус Медикал Кеа” гемодиадиз борборлорунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүгү аркылуу алышат.

Пикир

Оставить комментарий