• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19ду сасык тумоодон кантип айырмалоо керек?

Ден соолук 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Республикалык штабдан COVID-19ду сасык тумоодон кантип айырмалоо керек экендиги тууралуу айтып беришти.

Штабдан белгилешкендей, сасык тумоо жана коронавирустун жугуу жолдору бирдей жана көбүнчө клиникалык жактан бирдей.

Бирок айырмачылыктары бар:

1) COVID-19да инкубациялык мезгил 1-14 күнгө чейин, Омикрон-штаммында 3 күнгө чейин кыскарат, ал эми сасык тумоодо оорунун алгачкы белгилери иммунитети начар адамдарда бир нече сааттан тартып 3 күнгө чейин пайда болот;

2) Сасык тумоодо адамдын абалы 7-8 күндө жакшырышы мүмкүн. Ал эми коронавирус инфекциясында 7-8 күндө тобокелдик факторлору бар адамдардын белгилүү бир пайызында, туура дарылоо болбосо, оору энтигүү жана дем алуу жетишсиздигинин пайда болушу менен кийинки баскычка өтүшү мүмкүн;

3) Коронавирус инфекциясы тамак сиңирүүнүн бузулушуна (диарея) алып келиши мүмкүн, сасык тумоодо чоңдордо сейрек кездешет;

4) Мезгилдик: сасык тумоо күз-кыш мезгилине мүнөздүү, COVID-19да эпидемияга каршы ченемдерди бузуу роль ойнойт;

5) COVID-19дан улам өлүм сасык тумоого караганда жогору, өлүм деңгээли 3-4%. Мезгилдик сасык тумоодо адам өлүмү демейде 0,1% деңгээлинде турат.

6) Коронавирус сасык тумоого салыштырмалуу олуттуураак кыйынчылыктарга алып келет.

7) COVID-19да жана сасык тумоодо дарылоо ыкмалары ар башка. Бирок эки оорунун тең жеңил белгилери менен ооруган бейтаптарга үй шартында дарыланууга болот.

Коронавирустун сасык тумоодон айырмасын дарыгер аныктаганы маанилүү, анткени эки дарт тең кооптуу кыйынчылыктарга, анын ичинде пневмонияга жана андан ары адам өлүмүнө алып келиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий