• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук госпиталга “COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоору аркылуу уникалдуу жабдуулар алынды

Ден соолук 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоорунун алкагында коронавирустан айыккан бейтаптардагы нейрохирургиялык ооруларды өз учурунда дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга заманбап нейрохирургиялык жабдуулар (эндоскопиялык жабдуу топтому менен) сатылып алынган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев белгилегендей, коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар арасында неврологиялык оорулардын кескин өсүүсү байкалууда.

Жаңы нейрохирургиялык жабдуулардын жардамы менен баш мээни кошумча кыскартпастан, анын бөлүмдөрүн кеспестен жана баш сөөктүн сөөк кемтигин кошумча кеңейтпестен, жетишерлик чоң өлчөмдөгү гематомаларды, кисталарды, шишиктерди, кан тамыр кемтиктерин жана мээнин аневризмаларын алып салуу мүмкүн болду. Аппараттын артыкчылыгы - эндоскопияны колдонуу менен операция жасоодо баш сөөктү трепанациялоо талап кылынбайт. Кирүү баш сөөктүн кичинекей тешиктери аркылуу болот, ал эми кээ бир операциялар мурун аркылуу кирүү менен да жасалат.

Сатып алынган эндоскопиялык жабдуулар операция учурунда ткандардын травма алуу коркунучун азайтат жана мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алат, ошону менен бейтаптарды тейлөөнүн сапатын жакшыртат.

№1 нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Буранбек Дюшеев белгилегендей, эндоскопту колдонуу операциялардын эффективдүүлүгүн түп тамырынан бери жогорулатат.

Бул жабдуулардан тышкары, “COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоорунун алкагында Улуттук госпиталга нейронавигациялык системаны алып келүү күтүлүүдө.

“COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоору Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Аталган долбоордун максаты - тиешелүү алдын алуу чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, буюмдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлерине оорунун коркунучун азайтуу аркылуу КР өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий