• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ден соолук кербени". Чүй облусунда 6 миңден ашык жашоочу акысыз текшерүүдөн өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 24.06.23. /Кабар/. Улуттук госпиталдын “Ден соолук кербени” Чүй облусунун айылдарынын тургундарын профилактикалык кароодон өткөрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, июнь айынын башынан бери 6 миңден ашуун адам текшерүүдөн өткөрүлдү.

Ал эми 2023-жылдын март айынан май айына чейин аталган кербен Ысык-Көл облусунун 11 айыл округунун тургундарын камтып, анда 16 миң 826 адам текшерилип, анын ичинен 2 миң 437 адам лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын жардамы менен деталдуу текшерүүдөн өттү.

2022-жылдын май айынан ноябрга чейин "Ден соолук кербени" Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жети районундагы 129 миң 770 жашоочусу бар 24 айыл округун кыдырып, 41 миң 815 тургунду медициналык кароодон өткөрүп, анын ичинен 4 миң 621и лабораториялык жана диагностикалык жабдууларды колдонуу менен деталдуу текшерүүдөн өткөн.

Улуттук госпиталдын "Ден соолук кербени" автопоездинин базасындагы көчмө консультациялык-диагностикалык кызматынын бөлүмү айылдардын жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын ооруларын алдын алуу жана диагностикалоону жакшыртуу максатында айыл тургундарын жана алыскы аймактардын жашоочуларын профилактикалык кароодон өткөрөт.

“Ден соолук кербенинин” камтуу аймагына Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары кирет.

Пикир

Оставить комментарий