• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Ынтымак" сейил багында өспүрүмдөргө жол кыймылынын эрежелери эскертилди

Коом 0

Бишкек, 24.06.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери "Ынтымак 2" сейилдөөчү жайында эс алып жүргөн жарандарга жол кыймылынын эрежелерин эскертип, жол кырсыктардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында катталып жаткан жол кырсыктары, анын келип чыгуу себептери боюнча атайын даярдалган видео тасма коюлуп, ошонун тегерегинде суроо-жооптор менен талкуулар болду.

Ошондой эле ошол сейилдөөчү эс алуу жайында велосипед, самакат өңдүү каражаттар менен катышкан кокустуктарга карата түшүндурүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда жаш өспүрүмдөргө жана эс алуучуларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан ичүүчү суулар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий