• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас облусунда 55 млн сомдук жер тилкелери мыйзамсыз берилген

Коом 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Талас облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Талас районунун кызмат-керлери тарабынан облустун аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Такталгандай, Талас районунун Калбинск а/о кызматкерлери менен "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары биргеликте бир бүтүмгө келип алышып, турак жайларды куруу үчүн жалпы аянты 14 гектарды түзгөн жер тилкелерин мыйзамсыз бериишкен, алдын ала эсептөө боюнча мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 55 млн сомду түзөт.

Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий