• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Самбо боюнча Дүйнө кубогу: Бүгүн Кыргызстандан 16 спортчу күч сынашууда

Коом 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунда Кыргызстандан 16 спортчу күч сынашууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын биринчи кунүндө спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак даражаларында беттештер өтүүдө.

Кыргызстандан аталган салмак даражаларында төмөнкү спортчулар күч сынашууда:

Спорттук самбо (эркектер арасында):

- 58 кг— Кайрат Жусуп уулу, Темирлан Уланбек уулу;
- 64 кг — Белек Бараканов, Адилет Кубаныч уулу;
- 71 кг — Эламан Касымбаев, Жандос Эсегазиев;
- 79 кг — Феликс Уланбеков, Искендер Нармухамедов;
- 88 кг — Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;
- 98 кг — Артур Сансызбеков, Шахриор Идрисов;
- +98 кг — Сыймык Жапаров, Бекболот Токтогонов.

Күжүрмөн самбо (кыздар):

- 59 кг —Бегайым Акбалаева;
- 65 кг — Миранда Медетбек кызы.

Пикир

Оставить комментарий