• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 12,2 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталган

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Өлкө боюнча акыркы жумада 12 миң 265 жол эрежесин бузуу аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрдигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 1577;

- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 161;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 4251;

- ТК каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 57;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 9;

- мамлекеттик номери жок – 11;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 7;

- Автоээнбаштык – 6

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 166;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 93;

- Кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 1;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 5128;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 34;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 230;

- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 836.

"Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек", - деп эскертет ЖКККББ.

Пикир

Оставить комментарий