• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бакты мыйзамсыз кыйган курулуш компаниясына 13 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бишкектин Үмөталиев көчөсүндөгү №157 турак жайдын жанындагы бактын кыйылгандыгы үчүн 13 миң айып салынды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыюу фактысы боюнча тез арада ишти иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына Санитардык-экологиялык инспекциясы, «Бишкекжашылчарба» МИ жана ИИМдин патрулдук кызматынын өкүлдөрү кирди.

"Жеринде «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы кыюуга эч кандай уруксат бербегендиги аныкталып, Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан «Нур-Энергопромсервис» курулуш ишканасына КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 120-беренесине ылайык, жашыл аянтчаларды мыйзамсыз кыюу фактысы боюнча 13 миң сом өлчөмүндө протокол түзүлдү. Тартип бузгандар күнөөсүн мойнуна алып, токтом чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жашыл аянтчаларды калыбына келтирүү боюнча андан ары кароо үчүн акт түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий