• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир жумада 2000 ашык кылмыш жана окуя катталды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. Акыркы жумада 27-марттан 2-апрелге чейин Ички иштер министрлигинин ыкчам чара көрүү борборунун маалыматы боюнча, республиканын аймагында 2131 кылмыш жана окуя катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш изилдөө линиясы боюнча катталган 526 кылмыштын 319унун, анын ичинен изи сууй электе – 97синин, мындан тышкары, мурда жасалган 203 кылмыштын бети ачылды. Ички иштер органдары тарабынан келип түшкөн бардык билдирүүлөр жана кылмыш жана окуялар тууралуу сигналдар боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн.

“Өткөн жумада 2 адам өлтүрүү, 19 тоноо, 1 каракчылык, 4 денеге оор залакат келтирүү фактысы, 18 зордуктоо, 216 алдамчылык фактысы, 62 уурдоо, 1 унаа уурдай качуу фактысы ачылган. ИИмдин баңги затты мыйзамсыз айландырууга каршы кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Сосновка айылынан Жалал-Абад облусунун жашоочусун кармашып, анын унаасынан 3 кг 355 грамм гашиш табышкан. «Субару Легаси» маркасындагы унааны текшерүүдө өзгөчөжыты бар нерсе табылып, экспертизанын жүрүшүндө ал гашиш экенин ырасталган. Алынган баңги заттын жалпы салмагы 3 кг 355 граммды түзгөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына камалды. Иликтөө иштери уланууда”,-деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий