• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар азайды

Ден соолук 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда 16-январдан 23-январга чейин курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 7 миң 61 учуру катталды. Бул утуралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул алдыңкы жумага салыштырмалуу 15,2%га аз. Сасык тумоонун жана КРВИнин төмөнкү температуралык шарттарына туруктуулугун эске алуу менен калк арасында ооруга күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Бул эпидемиологиялык сезондо А (анын ичинде 2 түрү: A (H1N1) жана 09 A (H3N2) жана В сасык тумоосу катталууда.

Пикир

Оставить комментарий