• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Катардан келген дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Ден соолук 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна эртең, 6-декабрда Катардан профессор Абдулсалам Аль Кахтани жетектеген хирургдар тобу келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, кол коюлган меморандумга ылайык, Катар өкмөтүнүн атынан Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги бардык финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, хирургиялык операцияларды, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирург дарыгерин жана медициналык жардамчы персоналды окутууну өзүнө алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын эки жылдык реабилитациясын каржылайт.

"Операция жасалчу 50 баланы улуттук борбордун лор дарыгерлери атайын түзүлгөн комиссия менен биргеликте тандап алган. Жалпысынан бул программанын алкагында жылына 150 балага операция жасоо пландалууда. Ошол эле учурда кыргызстандык дарыгерлер мындай операцияларды жасоодо баалуу тажрыйбага ээ болушат. Буга чейин мындай операцияларды жасоо үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кымбат баалуу микроскоп өткөрүлүп берилген", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Мындай операциянын маңызы импланттын ички бөлүгү ички кулакка өмүр бою имплантацияланат. Сырткы бөлүгү - сүйлөө процессору - 5 жылда бир алмаштырылышы керек.

Белгилей кетсек, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат, анткени анда угуусу начар балдарды диагностикалоо, хирургиялык кийлигишүүлөрдү жасоо жана операциядан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдыктар бар.

Кохлеардык имплантацияга балдарды тандоо боюнча комиссия жөнүндө (Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 153 буйругу) бекитилген жобо бар. Бул жобого ылайык кохлеардык имплантация операциясына көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр бар.

Жалпысынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин кохлеардык имплант коюу боюнча 120дан ашык балага операция жасалган. Чет өлкөдө операция болгон 200дөй балдар жана чоңдор да бар.

Пикир

Оставить комментарий