• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарындык мугалим Калининградда өткөн орус тили боюнча олимпиадада жеңүүчү болду

Билим 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Нарын районунун Өрнөк айылындагы Ж.Өмүралиев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Анаргүл Жолдубаева орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиадада "Жогорку усулдук сабаттуулук" номинациясы боюнча жеңүүчү болду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, сыйлыкты Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университетинин ректору Александр Федоров тапшырды.

Белгилей кетсек, орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиада 2023-жылдын 20-30-ноябрында Калининград шаарындагы Балтика федералдык университетинде өткөн.

Тандоо этабына 28 өлкөдөн 150гө жакын адам катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча 11 адам жеңүүчү, 12 адам вице-жеңүүчү деп аталды.

Пикир

Оставить комментарий