• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ар бир окуучуга ноутбук алып берели деген пландарыбыз бар — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Ар бир окуучуга ноутбук алып берели деген пландарыбыз бар, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү мыйзамына байланыштуу Бишкекте өтүп жаткан жыйында.

Ал өз сөзүндө министрлер кабинети этап-этабы менен мектептин санариптик трансформациясын ачып жатканын билдирди.

“Биринчи этапта ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылып, аларды кайра даярдообуз зарыл. Мугалимдер ар бир айылда, ар бир шаарда эң алдыңкы адамдардан болууга тийиш. Андан соң ар бир балага ноутбук алып берели деген пландарыбыз бар. Мындай учурда алардын ар биринин жеке мугалими болуп, билим алууда күнү-түнү мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди ал.

Ошондой эле мындан ары STEM-предметтер менен англис тили сабактарында Оксфорд жана Кембридж окуу жайларынын китептери колдонулуусу күтүлүүдө жана учурда “Акылман” президенттик лицейи бул система боюнча билим алып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий