• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин маянасын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган документ президенттин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Муну эске алуу менен министрлер кабинети 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү чечимин кабыл алды.

Белгилесек, өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13%дан ашыгы бюджеттик сектордо иштейт жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий