• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын экинчи туру Бишкекте өтөт

Спорт 0

Бишкек, 22.02.20. /Кабар/. Волейбол боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионатынын жогорку лигасынын экинчи туру Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Оюндар 24-28-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

Жогорку лигада 12 команда эки тайпага бөлүнүп күч сынашат. Алар "Энергетик", "Ош", "Кадамжай", "Теңир-Тоо", "Чаткал", "БАПА Барскоон", "Динамо" "Салам-Алик", "Билим", "Университет", "Сары-Өзөн", "Ала-Бука" командалары.

Эскерте кетсек, волейбол чемпионатынын биринчи туру 25-29-январда Ош шаарында өткөн. Анда "Энергетик" жана "Динамо" командалары жеңүүчү аталган.

Пикир

Оставить комментарий