• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Алга” кыздар командасы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Бишкектин “Алга” кыздар командасы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Финалдык этапта Бишкек шаарынын командасы жети упай топтоп, 1-орунду камсыздады.

Ал эми Оштун “Каганат” командасы экинчи, Ысык-Көлдүн курамасы үчүнчү орунга илинди.

Сыйлоо аземинде медалды жана кубокту Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча футбол ассоциациясынын өкүлү Эркин Нариев тапшырышты.

Ошондой эле төмөнкү оюнчулар өзгөчө сыйлык алышты:

Мыкты дарбазачы - Виолетта Дудочкина (Алга);

Мыкты коргоочу - Фатима Тургунбаева (Каганат);

Мыкты жарым коргоочу - Кымбат Өмүрбекова (Ысык-Көл);

Мыкты чабуулчу - Махабат Дайырбекова (Юность);

Бомбардир - Медина Рысбекова (Ысык-Көл);

Мыкты оюнчу - Нурсулуу Мурзакулова (Алга);

Мыкты машыктыруучу - Диана Черепанова (Каганат).

Пикир

Оставить комментарий