• 88.68
  • 95
  • 0.95

4-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Талас облусунда +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көл облусунда +8…+13, Нарын облусунда +5…+10 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий