• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз экономикалык университети жана “Санариптик активдердин биржасы” ЖАК өнөктөштүк келишимине кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 16.11.18. / Кабар/. Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) менен “Санариптик активдердин биржасы” ЖАК өнөктөштүк келишимине кол коюшту. Эки тараптын келишимге кол коюусу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда болду.

КЭУнун проректору Алмаз Кадыралиев билдиргендей, жакында эле блокчейн технологияларын колдонууда биргеликте кызматташуу боюнча талкуу өткөн.

“Бул кызматташуу биздин окутуучуларга квалификация алуусуна, ошондой эле студенттердин өсүшүнө жардам берет. Бүгүн өнөктөштүк келишимине кол койдук. Биздин студенттер көп нерсени үйрөнүп, долбоорлорун ишке ашырып, кийин жумушка орношо алат”, - деди Кадыралиев.

Белгилей кетсек, Кыргыз экономикалык университетинин алдында Блокчейн технологиялар институту ачылмакчы. Ал жерде жергиликтүү студенттер билим ала алышат. Мугалимдердин курамында Кытайдан келген окутуучулар да болот. Студенттердин саны менен контракттын наркы азырынча талкууланып жатат.

Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий