• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда 34,6 млн сомдук жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген

Аймак 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Кадамжайда 34,6 млн сомдук 9,8 га жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан фактысы аныкталды.

Алар өзүнүн жана башка бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп 9,8101 га мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги 34 млн 600 миң сомдук жер тилкелерин мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берип жиберишкен.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий