• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендин чек арадагы Капчыгай айылында ички жолдорго асфальт төшөлдү

Аймак 0


Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Баткен районундагы Капчыгай айылынын ички жолу толугу менен жасалып, асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал маалымдагандай, жаңы курулган тамдардан тышкары айылдын жолу жасалып, көчөлөрүнө жарык коюлду.

Белгилей кетсек, Баткендин чек арадагы Капчыгай айылы 2022-жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында эң көп жабыркап, тонолуп кеткен.

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда курулуп бүткөн үйлөрдүн абалы менен таанышып чыкты.


Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир

Оставить комментарий