• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министри Бишкек ЖЭБиндеги күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЖЭБине барып, күз-кыш мезгилине даярдык, көмүр кампалары жана жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, иш сапардын алкагында “Электр станциялар” ишканасынын жетекчиси алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыктар боюнча маалымат берип, көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Соңунда министр ЖЭБдин жетекчилигине алдыдагы жылытуу мезгилине карата ремонт иштерин толугу менен сапаттуу түрдө бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле аварияларды болтурбоо максатында капиталдык курулуштун жана жабдууларды модернизациялоонун пландары так аткарылышы зарылдыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий