• 88.68
  • 95
  • 0.95

Телефон алдамчылар кыргызстандыктардан 43 млн сом уурдашты. Топтогон акчаӊды кантип коргоо керек?

Коом 0

Кыргызстанда акыркы мезгилде киберкылмыштуулук учурлары көп катталууда. Шылуундар ишенчээк жарандардын акчасын алдап алыш үчүн жаӊы маалыматтык технологияларды колдонуп жатат. Бишкекте өткөн «Кибермейкиндикте транс улуттук кылмыштуулук менен күрөшүү: актуалдуу көйгөйлөр жана практикалык бирге аракеттенүү механизмдери» тегерек стол жыйынында кибер чабуулдардын эӊ кеӊири таралган түрлөрү, аларга каршы туруу методдору жана кибер коопсуздукту камсыздоо жөнүндө сөз болду.

Банктык эсептерде жана карталардагы акча каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу, жарандар каржысын ишенип берген финансылык мекеменин башкы милдети. Муну өз милдети гана эмес, башкы миссия катары эсептеген «Бакай Банк» ААК, КР Ички иштер министрлигинин колдоосунда киберкоопсуздук маселелерин талкуулоо жана санариптик маалыматты сырткы коркунучтардан коргоону күчөтүү үчүн эксперттик аянтча түздү. Мүмкүн болгон чечимдерди талкуулоого профилдик ведомстволордун, коммерциялык банктардын жана уюлдук байланыш операторлорунун өкүлдөрү катышты

«Кардарлардын коопсуздугу жана купуялыгы жөнүндө биздин камкордук дайыма биринчи орунда турат. Биз аларга мыкты финансылык кызматтарды көрсөтүүгө гана эмес, кибермейкиндиктеги коркунучтардан коргоо үчүн болгон аракетибизди жасоого жана алдамчылардан сактоого умтулабыз. Андыктан бүгүнкү иш-чара биздин санариптик дүйнөдөгү коопсуздукту жакшыртууга умтулуубуздун бир бөлүгү болуп саналат. Биз алдыӊкы эксперттерди, мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрүн ушул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун бирге издөө жана алдамчылык менен күрөшүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн чакырдык. Биздин талкуу жемиштүү болот жана финансылык чөйрөнү бардыгы үчүн коопсуз кылууга жардам кылат деп үмүттөнөбүз», - деп «Бакай Банктын» Маркетин департаментинин директору. Айдай Мокушева белгиледи.

ИИМ КИББ киберкылмыштуулук боюнча бөлүм башчысы Руслан Шаршенбиев белгилегендей, күн сайын глобалдык тармакка кошулган жабдуулардын саны өсүп, бул киберкылмышкерлерге кылмыш ишмердик чөйрөсүн кеӊейтүүгө жана көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берип жатат.

Анын айтымында, маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жасалган кылмыштардын саны акыркы жылдары бир нече эсеге көбөйдү жана өсүү тенденциясы байкалууда. Анын ичинде эӊ көп таралган схемалар: электрондук почтаны колдонуп алдамчылык кылуу, санариптик инсан маалыматын уурдоо, төлөм карталардын жана башка финансылык маалыматтарды уурдоо, корпоративдик маалыматтарды уурдоо жана кайра сатуу, киберопузалоо бар.

«Биздин өлкөдө жасалган киберкылмыштардын негизги бөлүгүн алдамчылык, финансы пирамидасын уюштуруу жана кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзүү түзөт. Ошондой эле акыркы мезгилде болуп жаткан телефон алдамчылыгына көӊүл бургум келет, жарандарга белгисиз адамдар алардын туугандары же ички иштер органдарынын, медицина мекемесинин, сактоо кызматтарынын өкүлү катары чалып, жакындары жол кырсыгына туш болгонун айтышкан. Андан соӊ курьер аркылуу акча жөнөтүүнү же картага салууну сурашкан. Бишкек шаарында эле 16-февралдан тартып милицияга 1030 кайрылуу түштү. Алдамчылардан 77 киши жабыркады. Жалпы чыгым 43 миллион сомдон ашты», - деген Руслан Шаршенбиев ыкчам аракеттер менен алдамчылардын мыйзамсыз иштеринен жабыркаган адамдардын санын азайтууга мүмкүн болгонун кошумчалады.

Эксперттердин пикири боюнча, колдонуучулардын ыктымал коркунучтар жана коргонуу ыкмалары жөнүндө төмөн маалымдуулугу киберкоопсуздук жаатындагы көйгөйлөрдүн бири. Көпчүлүгү жеке маалыматтарды коргоо үчүн кандай сактануу чараларын көрүү керектигин билбейт (мисалы чоочун адамдарга банк карталардын купуя коддорун бербөө, шектүү шилтемелерге өтпөө) жана натыйжада алдамчылар үчүн оӊой олжо болуп калышат.

Иш-чаранын катышуучулары киберкылмыштар менен натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык жана бардык кызыкдар жактардын өз ара аракеттенүү координациясын жакшыртууну, ошондой эле актуалдуу маалыматтар менен активдүү алмашууну, киберчабуулдарды аныктоо жана алдын алуу боюнча банктардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине тренингдерди өткөрүүнү сунушташты.

Мындан тышкары, калкка ыктымал коркунучтар жөнүндө чоӊ маалыматтык кампаниялар аркылуу маалымдоо да абдан маанилүү, анткени кабардар болгон коом – кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү биринчи маанилүү звено болуп саналат.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча, кибералдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча бир катар практикалык аракеттер камтылган план иштелип чыкты. Тегерек столдун катышуучулары учурдагы коркунучтарга жана тобокелдиктерге мамлекеттин жана жеке сектордун биргелешкен аракети менен гана каршы турууга болот деген жыйынтык чыгарышты.

Пикир

Оставить комментарий