• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Молдогазиев АКШнын элчиси менен виза процедурасын жөнөкөйлөтүүнү талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, расмий делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, "С5+1" аймактык диалог платформасынын алкагында кызматташуу, маанилүү кен байлыктар жана банктар аралык кызматташуу боюнча, ошондой эле КРдин жарандары үчүн АКШ визасынын жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий