• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашуун жүк ташуучу унаа топтолду

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” жана “Чалдыбар-автожол” көзөмөл өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу байкалууда.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 14-мартта саат 12.30га карата “Ак-Тилек-автожол” пунктунда Кыргызстандан чыгууга 430 жүк ташуучу унаа турат. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 342 унаа чыккан.

Ал эми “Чалдыбар-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргызстандан Казакстанга багыт алган 90 жүк ташуучу унаа катталган.

Тез бузулуучу азык-түлүк менен жаныбарлар менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөөлөр жок.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий