• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Душанбеде ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Саясат 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-майында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда ЖККУга мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары актуалдуу эл аралык маселелер, регионалдык кырдаалдын абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин, ЖККУнун алкагында тышкы саясатты координациялоону күчөтүү маселелер боюнча пикир алышуу, ошондой эле ушул жылдын экинчи жарымында Душанбе шаарында өткөрүүнү пландаштырып жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыктын жүрүшүн талкуулоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий