• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда эл буудай унунун тартыштыгынан жүгөрүдөн нан жасоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.18. /Кабар/. Түркмөнстан түндүгүндө эл ун тартыштыгына байланыштуу жүгөрүдөн (сорго) нан жасоодо.

"Бактыга жараша, жүгөрүнүн түшүмү мол болгон, буудай унун таба албагандар жүгөрүдөн нан жасашууда. Дашөгүздүктөрдү былтыр дагы жүгөрү уну сактап калган болчу. Мындай нан тандырдан жаңы чыкканда жакшы эле. Бирок бир күндөн кийин абдан катуу болуп калат, сындырууга мүмкүн эмес. Андыктан аялдар жүгөрү нанын күн сайын бышырышат", - деди Дашөгүз облусунун жашоочусунун бири.

Анын айтымында, учурда жүгөрүнүн баасы жогорулады. Бир килограммы эки манаттан беш манатка (1 доллар 3,5 манаттын тегереги) чейин жетет. Буга байланыштуу айрым кембагал үй-бүлөлөрдүн акчасы жүгөрүгө да жетпейт.

Буга чейин Түркмөнстанда нан жасоо үчүн улпакка талап өсүп жатканы кабарланган.

Учурда Мары жана Дашөгүз облустарында Казакстан өндүрүшүнөн чыккан бир кап ун 180-190 манаттан сатылууда. Бирок көпчүлүк жашоочулар үчүн бул баа өтө кымбат.

Түркмөн бийлиги тамак-аш тартыштыгын расмий түрдө моюнга алган жок. Көптөгөн эксперттер өлкө акыркы 25 жылдан бери оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдиришүүдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий