• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМ: "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин 69 кыргызстандык Россияга киргизилген жок

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин 69 кыргызстандык Россияга киргизилген жок. Бул тууралуу парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында КР тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, теракттан соң 23-марттан тарта Москвадагы аэропорттон бир катар кыргызстандык артка кайтарылды.

“Алар Москвага учуп барышкан бирок, аэропорттон ары чыга алган эмес. Алардын арасында буга чейин “кара тизмеге” киргендер бар. Ошондой эле Россияга биринчи жолу барып, эч кандай тизмеде жок болгондуктан, өлкөгө кире албай, Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болгон учурлар дагы бар. Белгилей кетсек, алар мыйзамдарына ылайык, сырткы көрүнүшү кандайдыр бир шектенүү же коркуу жараткан адамды өз өлкөсүнө киргизбей коюуга укугу бар. Бардыгы болуп 69 кыргызстандык Россияга кире албай калган", - деди ал.

Министрдин орун басары депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, айрымдары кайра учуп келүүгө кеткен чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөгөнүн, ал эми айрымдарына авиакомпаниялар жардам бергенин белгиледи.

Эскерте кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда "Пикник" тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, кол салгандар Калашников автоматы менен куралданышкан жана аларда көп сандагы патрондор жана ок-дары болгон. Маалымдалгандай, теракттын кесепетинен 144 адам каза болуп, 360 адам жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий