• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Транспорт министрлиги аймактардагы жолдорду оңдоо иштери тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлиги аймактардагы жолдорду оңдоо иштери тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Эл аралык деңгээлдеги Сары-Таш-Карамык унаа жолунда 46-чакырымдан 49-чакырымга чейин жолдо асфальттын үстүндөгү жаракаларды толтуруу боюнча иштер жүрүүдө. Үч-Коргон- Дароут-Коргон унаа жолунун 112нен 115-чакырымга чейин шагыл төгүлгөн.

“Учурда жаракаларды толтуруу, аңдарды оңдоо жана жол белгилерин актап, сырдоо боюнча иштер жүрүүдө”, - дейт №16 жолду кабыл алуу тилкесинин жетекчиси Абдрасул Кантемиров.

Ошондой эле маалыматта берилгендей, ушул жылкы планга Карамык-Кара-Теит унаа жолунда жана Сары-Таш-Карамык-Ачы–Суу жолунун 72-чакырымында 1 чакырым асфальтбетон төшөп, 2-чакырымында кара шагыл жана 5-чакырым тилкесинде шагыл төшөлөт. Ошондой эле, Үч-Коргон-Дароут-Коргон жолуна көпүрө куруу пландалууда.

Аймактарды өнуктүрүү жана санариптешүү жылына карата Кызыл Туу айылынын 2 чакырым унаа жолунда асфальт жана Кара-Сай айылынын ПМК көчөсүндө 1 чакырым асфальт төшөлөт.

Пикир

Оставить комментарий