• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы төрт облус жана бир шаардын айрым калктуу конуштары айыл категориясына киргизилет

Президент 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү болуп эсептелет:

  • Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов;
  • Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик;
  • Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек;
  • Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар;
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач;
  • Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал;
  • Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай;
  • Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил;
  • Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштары.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий