• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштарды тазалоо иштери уланат

Аймак 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери уланат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарандарды кабыл алууда билдирди, - деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Манас-Ата кичи районунун Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар, эскирген гараждар алынууда.

“Кезеги менен шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы тазалант. Көп кабаттуу үйдөгү эки-үч адам эмес, бардык жашоочулар үчүн пайдалуу болуш керек. Бул маселеде мага сын-пикирлер көп айтылышын да билем. Бирок шаарды шаардай кылып оңдоо иштерин токтотпойбуз”, - деп билдирген калаа башчысы.

Пикир

Оставить комментарий