• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 25 мас айдоочу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. 5-6-августта Ысык-Көл облусунун курорттук аймагында рейд жүрүп, 25 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын облустук башкармалыгы Ысык-Көл районунундагы адам көп келген курорттук аймактарында 24 саат бою кезметтер турушту.

Жыйынтыгында жалпы 294 жол кыймылынын эрежесин бузуу катталды. Анын ичинен 25и мас айдоочу болсо, 12 унаа мыйзамсыз терезесин караңгылатканы үчүн токтотулду. Ошондой эле айып короосуна 33 унаа токтотулган.

Милициядан билдиришкендей, эл көп барган эс алуу жайларында көзөмөлдү күчөтүү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий