• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев иш сапары менен Нарын облусуна келди. Бул тууралуу министр соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Бекмурзаев Ат-Башы ГЭС, Нарын жылуулук тармактары, облустун ЖЧЭТИ, “Түндүкэлектр” ишканаларынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, алдыда Энергетика министрлиги ишке ашыра турган облустун инвестициялык гидро келечеги жана пландары тууралуу маалымат берди.

“Кыргызстандын 17 миң энергетика кызматкеринин алдында аткарыла турган, ишке ашышы толук мүмкүн болгон эбегейсиз тапшырма-милдеттер турат. Нарын облусу - биз элибиздин, мамлекетибиздин жайлуу турмушу үчүн көптөн-көп ишке ашырышыбыз керек болгон абдан жакшы гидроэнергетикалык потенциалга ээ. Реформаларды ишке ашырууну карапайым энергетиктер менен биргеликте кызматташуудан баштайбыз. Анткени, биз биргелешкен аракеттер менен гана көп ийгиликтерге жетерибиз чын”, - деп жазат ал.

Министр баарлашууну каалаган ар бир жаран үчүн анын эшиги ачык экенин жана соцтармактагы баракчасына кайрылса дагы болорун маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий