• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Михаил Мишустин Мамытовду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«2021-жыл соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнү улантуу маанилүү. Бул Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына дал келет. Сизге чың ден-соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм», — деп айтылат Михаил Мишустиндин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий