• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын улуттук курамасы контролдук беттеште Вьетнамды утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнам менен контролдук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Оюн "Ак шумкарлардын" 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында охадагы Al Egla машыгуу талаасында орун алды.

Беттештин 31-мүнөтүндө Кожо Жоэл оюндун эсебин ачты. Ал эми атаандаштар оюндун 63-мүнөтүндө эсепти теңөөгө жетишти. Бирок, Азар Акматов жооптук гол киргизип (75’), кайрадан команданы алдыга алып чыкты. Ошентип, оюн 2-1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Белгилей кетсек, беттеш машыгуу мүнөздө өтүп, расмий статуска ээ болгон жок. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин оюнчулары үчүн бул контролдук беттеш турнирге болгон даярдыктын алкагындагы акыркысы болду.

Команданын 2023-жылкы Азия Кубогунда старттык оюну 16-январда Таиландка каршы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий