• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Шакиев менен Түркиянын ТИМ башчысы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.01.23./Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду.

Анын ичинен парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийин алгачкы расмий иш сапарын Түркия Республикасына жасаганын эске салды.

"Боордоштукка жана өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттик диалогдун мааниси өтө чоң. Андыктан, эки тараптуу жана эл аралык алкактагы парламенттер аралык мамилелерди кеңейтүү башкы максатыбыз. Айрыкча депутаттык достук топторунун ортосундагы байланышты чыңдоо учур талабы”, – деди төрага.

Муну менен катар ал экономикалык байланыштар тууралуу пикирин айтты.

“Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Андыктан эки тараптуу соода жүгүртүүбүз жыл сайын өсүүдө. Бул темпти мындан ары да жогорулатып, соода көлөмүн 2 млрд АКШ долларына чейин жеткирүүбүз кажет”, – деди Шакиев.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан да эки өлкө ортосундагы алакаларды арттырууда парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, бул жааттагы колдоосу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирди.

"Эки боордош элдин бир туугандык жана достук мамилесин чыңдоо башкы максатыбыз",-деген Хакан Фидан Нурланбек Шакиевге Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун жолдогон саламын жеткирди.

Ошондой эле жолугушууда маданият, туризм, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы алакаларга тиешелүү маселелер көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий