• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттин мурунку төрагалары жана депутаттары Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Күн мурун, 6-февралда парламенттин мурунку төрагалары, депутаттары жана коомдук ишмерлер “КР Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланышты.

Парламенттен билдиришкендей, сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тапшырды. Куттуктоо сөзүндө төраганын орун басары белгилүү мамлекеттик ишмерлердин кыргыз парламентинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сыйлык алгандардын катарында Жогорку Кеӊештин XII чакырылышынын төрагасы Медеткан Шеримкулов, экс-төрагалар Ишенбай Кадырбеков, Марат Султанов, Мыктыбек Абдылдаев жана башка экс-депутаттар, Жогорку соттун судьялары, курулуш тармагынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана маданият кызматкерлери болду.

Пикир

Оставить комментарий