• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумабеков ТүркПАнын жыйынына бир гана курч маселелерди алып чыгууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын күн тартибине бир гана курч маселелерди көтөрүп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ЖК аппаратынын жетекчисинин орун басары Тажмамат Шаболотов билдирди.

Ал бирдигендей, Бишкекте өтүп жаткан ТүркПАнын жетинчи жыйынынын күн тартибинде төрагалык кылууну Кыргызстанда өткөрүп берүү маселеси турган.

“Кыргызстан бул уюмда биринчи жолу төрагалык кылат. Эми башкы катчы Кыргызстандын өкүлү болот”,-деди ал.

Шаболотов ЖК төрагасы Дастан Жумабеков күн тартибине курч жана чечиле турган аз суроону алып чыгууну сунуштады деп билдирди.

“Бул экономика, туризм жана миграция боюнча суроолор болушу мүмкүн. Күн тартиби ушул маселелердин негизинде түзүлөт”,-деп кошумчалады ал.

Андан сырткары, Шаболотов билдиргендей, түштөн кийин ТүркПА бюджети боюнча маселе каралат.

Пикир

Оставить комментарий