• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү жабык эшик артында талкуулашууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Казакстандагы кырдаалды жабык эшик артында талкуулоо чечимине келишти.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү коңшу мамлекетке тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү же жөнөтпөө маселесин чечиши керек. Депутаттардын суроолоруна өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жооп берүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан 150 аскер кызматкери, 8 бронетехника жана 11 техника жөнөтүү пландалып жатканын билдирди.

Ташиев белгилегендей, Кыргызстандын тынчтык күчтөрү стратегиялык маанилүү объектилерди коргоого гана тартылат. «Биздин аскерлер кошуна өлкөнүн ички чыр-чатактарына катышпайт», - деди ал.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Пикир

Оставить комментарий