• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда эки фракция биргелешкен көчмө жыйын өткөрөт. Отурумдун күн тартиби

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. «Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары Баткен облусунда биргелешкен көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көчмө жыйын үстүбүздөгү жылдын 5-февралында өтмөкчү.

Отурумдун күн тартиби:

1. «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы.

Баяндамачы: президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев.

Чакырылгандар: Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Коргоо министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

2. Тажикстан Республикасы менен чек арада 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн аскердик кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү жана андан аркы эскалацияга жол бербөө.

Баяндамачы: президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев.

Чакырылгандар: Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Коргоо министрлиги, УКМК, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

3. Тажикстан Республикасы менен чектеш аймактардагы кырдаал.

Баяндамачылар: президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев; УКМКнын өкүлү.

4. Ош облусунун Ноокат райондагы капиталдык ремонтко муктаж айрым автожолдорго байланыштуу маалымат.

Баяндамачы: Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

5. Бишкек – Исфана - Бишкек каттамы боюнча түз авиабайланыштар.

Баяндамачы: Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

Пикир

Оставить комментарий