• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Туризмди өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстанга белгилүү 50 блогер чакырылат

Коом 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстанга саякат тармагындагы белгилүү 50 блогер чакырылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга келген блогерлер өлкөнүн потенциалын өздөрүнүн мекендештерине ачып бере алат.

Жаманкулов Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданият борбору болгонуна байланыштуу быйыл көлдө бир катар эл аралык иш-чаралар өтөрүн белгиледи.

Маданият жана туризм министринин орун басары Самат Шатманов 2021-жылы өлкөгө 3 млн 563 миң 524 турист келгенин айтат.

Пикир

Оставить комментарий