• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 06.01.20. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Окуя кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган аймагында болгон. Ага байланыштуу бүгүн Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Анын натыйжасында Кыргызстандын жарандарына 520 баш мал кайтарылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чырдын өөрчүшүнө жол бербөө чараларын талкуулашты.

“Чек арачылар Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандыктардын малы эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка өтүп кеткен. Малын издеп барган жарандар менен коңшу өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда түшүнбөстүк келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий