• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук тарых музейи расмий ачылган күндөн бери канча каражат түшкөнү айтылды

Маданият 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Улуттук тарых музейине 2021-жылдын декабрь айында 22 миң 500 адам киргенин “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди.

“Бүгүнкү күнгө карата музейдеги экспонаттардын саны 1 миң 600дөн 4 миң 500гө жетти. Ал эми тарых музейинин расмий ачылышан бери 2 млн 123 миң 200 сом каражат түштү”, - дейт министр.

Жаманкулов Кыргызстанда 118 музей иштеп жатканын эске салып, жыл ичинде музей 383 миң 277 жаранды кабыл алганын белгиледи.

“Кино тармагына өткөн жылы 87 млн 228 миң сом каралып, анын 82 млн 164 миң 500 сому королгон”, - деп айтат ал.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Бишкектеги Улуттук тарых музейи оңдоо иштеринен кийин салтанаттуу ачылган.

Пикир

Оставить комментарий