• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак калпак кыргыз жигиттерине айбат, сүр берип турат! Маданият министринин куттуктоосу

Маданият 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.

Министрдин куттуктоосу:

"Урматтуу ак калпактуу кыргыз элим!

Сиздерди бүгүнкү Ак калпак майрамы менен куттуктайм!

Кыргыздар дүйнө элине ушул ыйык баш кийими менен таанымалбыз. Элибиздин эзелки көчмөн жана жоокердик замандан азыркы күнгө чейин ак калпагын башынан түшүрбөй кийип, аны урматтап, ыйык баш кийип катары мамиле жасап келет.

Ата-бабабыз калпагын таң атканда жуунуп тазалангандан кийин кийишкен. Жатаарда колун жууп андан кийин башынан алып, өйдө жерге койгон.

5-март Ак калпак күнү кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалаган өзгөчө майрам. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп бекитилген күндөн баштап Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир салтанаттуу иш- чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп келет.

Ак кар баскан Ала Тоонун чокуларын чагылдырган улуттук баш кийимибиз кыргыз жигиттерине айбат, сүр берип, айкөлдүгүн, адамдарга болгон ак пейил мамилесин, эң негизгиси ак калпагы менен ар дайым бийиктигин даңазалап келген Андыктан ушул ыйык ак калпагыбыз башыбыздан түшпөй, кыргыз улутунун улуу символу болуп кылымдар бою кала берсин. Аны жаш муундар да ардактап кийип, ата-бабаларыбыз улаган улуу жолдо башка улуттан баш кийимибиз менен өзгөчөлөнүп туралы.

Касиети бийик калпактын кадыры жогору бойдон калсын!".

Пикир

Оставить комментарий