• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Апамды издейм” тасмасы Кореяда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 17-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Сеулда 21-майда режиссер Руслан Акундун “Апамды издейм” тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу долбоордун уюштуруучулары билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, Кореянын борборунда көптөгөн көрүүчүлөр тасманы чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Эскерте кетсек, “Апамды издейм” тасмасы 9-февралда Кыргызстан жана Казакстандын кинотеатрларынын экранына чыгып, кассалыкка айланган. Андан соң тасманын бет ачары Россия жана АКШнын ири шаарларында көрсөтүлгөн.

Башкы ролдордо: Азамат Уланов, Тауекел Мусилим, Майкл Мапонго, Жеңиш Майрамбек уулу ж.б.

“Апамды издейм” – боорукер, турмуштук жана үй-бүлөлүк тасмасы Америка Кошмо Штаттарына апасын издеп жөнөгөн жетим бала Азамат тууралуу баяндайт. Азамат зээндүү, эс-тутуму күчтүү бала. Бирок, буга карабастан ал апасынын жүзүн эстей албайт. Лос-Анджелеске келген Азамат кокусунан Даниярга кезигет. Алдыда каармандарды кызыктуу окуялар күтөт.

Пикир

Оставить комментарий