• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ССМ: Ноокенде окуучулар эмнеден уулангандыгы азырынча белгисиз

Ден соолук 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол айылынын Н.Токторбаев атындагы №5 орто мектебинин окуучулары эмнеден ууланышкандыгын Саламаттык сактоо министрлиги азырынча так билбейт.

КР ССМ басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан Ноокен аймактык ооруканасына 32 окуучу жаткырылып, алардын ичинен 26сы үйлөрүнө чыгарылган. 17-майга карата калган 6 бала дарылоодон өтүп жатышат, бардыгынын абалы туруктуу.

Бардык жабыр тарткандарга токтоосуз медициналык жардам көрсөтүлдү. Эки окуучуга өткүр респиратордук вирустук жугуштуу оору диагнозу коюлган. Калгандарына “Белгисиз этиологиядагы уулануу” диагнозу коюлду.

Үйлөрүнө чыгарылган окуучулар ҮМБ жана ҮДТ дарыгерлеринин байкоосунда турат. Окуучулардын абалынын начарлашы жана кайра кайрылуулар катталган жок.

“Резервуардагы сууну лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча химиялык, токсикологиялык коопсуздук көрсөткүчтөрү аныкталган эмес. Мектептин айланасында сатылган балмуздакты лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча терс натыйжа чыккан. Мектептин айланасында мөмөлүү бактар бар. Мектеп администрациясынын айтымында аларды дарылоо жүргүзүлгөн эмес”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий