• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иса Өмүркулов: Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын курамына дагы бир фракция кошулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүн, 20-апрелде өтүп жаткан кезексиз жыйынынын жүрүшүндө КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк коалициясына «Республика – Ата Журт» фракциясы кошулуп, анын курамы кыйла кеӊейгенин расмий түрдө билдирди.

Андан тышкары, ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк колиациясынын 19-апрель күнү өткөн жыйынында КР Премьер-министри кызмат ордуна Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлиги жактырылганын кошумчалады.

Ошентип, азыркы учурда Жогорку Кенештин көпчүлүк коалициясын төмөнкү фракциялар түзүп калды:

- “КСДП” фракциясы (38 депутат - 32 пайыз);

- “Республика – Ата-Журт” фракциясы (28 депутаттык мандат - 23 пайыз);

- “Кыргызстан” фракциясы (18 депутаттык мандат - 15 пайыз);

- “Бир Бол” фракциясы (12 депутаттык мандат - 10 пайыз).

Ал эми «Өнүгүү – Прогресс» (13 депутаттык мандат – 11 пайыз) жана «Ата Мекен» (11 депутаттык мандат – 9 пайыз) фракциялары парламенттик азчылык тарапта калды.

Пикир

Оставить комментарий