• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто ири көлөмдөгү баңгизаттын оор түрүн аткезчилик менен ташыган жолго бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы жана алыскы өлкөлөргө жөнөтүү максатында баңгизаттын оор түрүн аткезчилик жол менен Тажикистандан Кыргызстанга ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз сатууга шектелген жаранды кармашкан. Ошондой эле, атайын операциянын жүрүшүндө ири көлөмдөгү баңгизаттын оор түрүн аткезчилик менен ташыган жолго бөгөт коюлду.
Маалыматка ылайык, шектүү жаран жакынкы жана алыскы өлкөлөргө жөнөтүү максатында баңгизаттын оор түрүн аткезчилик жол менен Тажикистандан Кыргызстанга ташып келип жүргөн.

КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүү учурунда Ош шаарынын 35 жаштагы Т.М. аттуу жашоочусу кармалган. Аталган жаран баңги кылмыштуулугу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Соттун чечими менен шектүүнүн Ош шаарында жайгашкан үйүн текшерүү учурунда жашыруун жай табылып, андан 48 даана оролгон өзгөчө жыты бар порошоктой зат табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 6 килограммды түзүп, эскертизанын жыйынтыгы менен “героин” баңгизаты болуп чыккан.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесиинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда жогоруда аталган кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын өздүгүн аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

Пикир

Оставить комментарий